Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Ысык-Көл: Челпекте мектеп директору алты кишини сотко берди


Ак-Суу районунун Челпек айылындагы Магрифа Рахимова атындагы мектеп-гимназиясынын мурдагы директору Дамира Курманова 4 айыл тургунун, айылдык кеңештин төрагасын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисин сотко берди. Курманова райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев аны кызматтан мыйзамсыз алганын айтууда. Ал эми айылдык кеңеш буга чейин депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен Дамира Курманованы кызматтан четтетүү чечимин кабыл алган. 4 ата-энени болсо мектеп жетекчиси “мага жөнсүз жалаа жаап, ар-намысыма шек келтиришти” деп сотко арыз жазган.

Ата-энелер буга чейин мектеп директорун мыйзамсыз акча чогултуп, мугалимдерди жумушка алууда пара талап кылып жатканын айтып, мындан сырткары мектеп имаратынын бир бөлүгүн мал сарай кылып алган деп айыпташкан. 4 айга чозулган териштирүүлөрдөн соң айылдык кеңештин чечиминин негизинде райондук билим берүү бөлүмү Дамира Курманованы кызматтан алган.

Иш боюнча соттук отурум 25-июнга белгиленген. (Asa)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG