Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Айыккыс дартын билбеген балдар


ВИЧ илдеттүү балдардын көйгөйүн өкмөткө жеткирүү максатында оорулуу баласы менен менен Ак үй алдына нааразычылык акциясына чыккан эне. Ноябрь, 2011-жыл
ВИЧ илдеттүү балдардын көйгөйүн өкмөткө жеткирүү максатында оорулуу баласы менен менен Ак үй алдына нааразычылык акциясына чыккан эне. Ноябрь, 2011-жыл

Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдетине кабылган 13 жашка чейинки 200дөй бала бар. Ата-энелер улам эс тартып келаткан балдарына айыккыс дарт жугуп калганын кантип айтабыз деп санаага батып жүрүшкөн кези.

Адистер болсо балдар 14 жашка чыкканга чейин илдетин угузуу керектигин белгилешүүдө. Бирок ата-энелерди жашабай жатып айыккыс дартка кабылганын уккан баланын кийинки кадамы кандай болору түйшөлтүп келет.

Жашы кырктарга чамалап калган арык чырай аялдын жана анын үчүнчү баласынын ВИЧ илдетине кабылганына он жылдан ашты. Бул аял чет өлкөдө иштеген эмес. Башынан жоолугу түшпөй, беш убак намазын калтырбай окуйт. Талаа жумушунан башы көтөрүлбөгөнүн айткан карапайым аял өзүнө жана наристесине айыккыс дарт бир гана эмдөө учурунда жуккан деп эсептейт.

Кандай болгон күндө да алардын оорусун азырынча эч ким айыктыра албайт. Ал азыр эс тартып калган уулуна дартын кантип угузуунун айласын таппай жүргөн кези.

- Балам оорулуу экенин билет. Бирок мындай ВИЧ экенин билбейт. Дары ичкенин билет, анализ тапшырганы барганын билет, баарын билет, бирок мындай оорулуу экенин билбейт. Сен оорулуусуң деп балдар кошпой койгон учурлар да болот. Азыр баланын келечегин ойлоп, кыжалат болуп жатабыз. Балага статусун ачууга туура келип жатат. Ага "сен ушундай оорулуусуң" дегенди кантип түшүндүрөм деген ой кыйнап келет.

Оштогу нааразылык акциясынан бир көрүнүш. 14-ноябрь, 2011-жыл
Оштогу нааразылык акциясынан бир көрүнүш. 14-ноябрь, 2011-жыл

Бул аял үй-бүлөнүн, кошуналардын далай кысымына чыдап, баласын аман алып калганы менен, анын кийинки тагдырын ойлоп, санаа түбүнө жетпейт. Анткени анын оорулуу уулу соо кыз менен баш кошууга акысы жок деп эсептейт.

- Келечекте уулум үйлөнүшү керек. Ошону ойлоп ой түбүнө жетпейм. Бирөөнүн таза кызын балама алып бергенге акым жок. Бирок мен жана балам ушул ооруну башыбыздан өткөрүп атабыз да.

Кыргызстанда 2006-2007-жылдардан тарта жаңы төрөлгөн балдардан да ВИЧ илдети каттала баштаган. Ага удаа ондогон наристелерге эмдөө учурунда ВИЧ илдети жуктурулганы аныкталган. Илдетке кабылган балдар азыр 12-13 жашка чыгышты.

Адистер 14 жаштан тарта ал балдардын сексуалдык сезимдери ойгоно баштарын белгилешет. ВИЧ илдеттүү балдар менен иштеген “Крик журавли” уюмунун өкүлү Мукадас Хакимованын айтымында, ал балдарды келечекке даярдоочу адистер жетишсиз.

- ВИЧ илдеттүү балдарды төрт-бештен кылып топтоп, "силер окшошсуңар, бул да сен сыяктуу, сенин досторуң ушулар" деп алардын ким экенин өздөрүнө айтыш керек. Азыркы тапта алар өздөрүнүн ВИЧ илдеттүү экенин билишпейт. Аны угузуу алдында балдарды психологиялык жактан даярдаш керек. Бизде азыр алар менен эч ким иштебейт. Алар менен иштеген бейөкмөт уюмдарды кыскартып салышкан. Биз гана калдык. Бирок бир эле чакан уюм ВИЧке кабылган жүздөгөн балдар менен иштеп үлгүрө албайт да.

Вич илдеттүү балдардын Чимкенттеги борбору. Казакстан. 30-ноябрь, 2010-жыл
Вич илдеттүү балдардын Чимкенттеги борбору. Казакстан. 30-ноябрь, 2010-жыл

Азыр алдыда ВИЧке кабылган балдарга дартын угузуу, ошону менен бирге ооруну башкаларга жуктурбоо жоопкерчилигин түшүндүрүү жана аларды үй-бүлө курууга үйрөтүү милдеттери турат. Адистер бул милдеттерди түшүнүп жатышканын айтышууда.

Оштогу СПИД борборунун жетекчиси Элмира Нарматованын айтымында, ушул максатта ВИЧ илдеттүү балдарды келечекке даярдоочу борбор ачылган.

- Учурда биз оорулуу балдардын ата-энелерине балдарынын дартын түшүндүрүү жолдорун үйрөтүп атабыз. Бирок балдар ал кабарды кандай кабыл алышарын билбейбиз. ВИЧ экенин уккан балдар жанын кыйганга барабы, агрессия пайда болобу - муну алдын ала айтуу кыйын. Ошентсе да СПИД борборунда ВИЧ илдеттүү балдардын борборун ачтык жана анда балдардын өзү сыяктуулар менен таанышуу шарттарын түзүп жатабыз. Андан сырткары алар менен туура иштешүү үчүн психолог адистерди ишке тартканбыз.

Казакстандын Чимкент облусунда жана Украинада да ВИЧ илдеттүү балдар борборлору ачылган. Ал борборлордо айыккыс илдетке кабылган балдарды келечектеги коркунучтар менен күрөшүүгө даярдашат. Анда негизинен психологдор иштешет. Учурда Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылган жарандардын саны 6 миңге жеткен.

XS
SM
MD
LG