Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Кундузда ооган күчтөрү контрчабуулга даярданууда


Мунун алдында ооган күчтөрү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы бир районду талибдерден тазалашты.

Ооганстандын ички иштер министрлиги жекшембиде жарыялагандай, алар өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын Юмган районуна көзөмөл орнотту.

Эл сейрек отурукташкан бул районду талибдер ушул айдын башында ээлеп алышкан эле.

Бадахшандын полиция башчысынын ырастоосунда, районду бошотуу операциясы учурунда согушкерлердин жүздөн ашууну жок кылынды жана жаракат алышты. Ал эми коопсуздук күчтөрү бир адамын жоготуп, төртөө жаракат алды.

Бадахшандын Юмган районун колдон чыгарганын "Талибан" өзү дагы ырастады.

Ал эми Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында аймактын полиция башчысы Абдул Сабур Насратинин айтымында, өкмөт Чардара районуна кошумча күч жөнөтүп жатат.

Ал районду "Талибандын" согушкерлери 20-июнда басып алган.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, провинция борбору Кундуздун батыш ыптасында жайгашкан Чардара районундагы уруштарда өкмөттүк күчтөр 12 аскерин жоготуп, 15тен ашууну жаракат алган.

Талибдердин 15тен ашууну жок кылынып, 20дан ашууну жарадар болду.

Ооганстандын Борбор Азияга тикелей чектешкен түндүк аймактарында согушкерлер быйыл апрелден бери активдешүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG