Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

Эртең “Мага баары бир эмес” аттуу форум ишин баштайт


Иш-чара эки күнгө созулуп, Бишкекте өтөт. Уюштуруучулардын белгилешинче, анда Кыргызстандагы коомдук-саясий жараяндарга катышуусу талкууланат. Форум өлкөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер боло албаган бардык жарандардын башын бириктирип, бул багытта бир нече маселелер кеңири сөз болот. Алардын ичинде күзүндө болуучу парламенттик шайлоонун алдындагы акыбал, Баш мыйзамды өзгөртүү аракети, ар кайсы тармактардагы реформалар, аймактардагы көйгөйлөр тууралуу маселелер бар. Форумга өзүн Кыргызстандын жаранымын деп санагандардын баары катышууга укугу бар, ошондой эле бир катар саясатчылар, коомдук активисттер чакырылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG