Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,3 млрд. куб метрди түздү


“Электр станциялары” акционердик коомунун маалыматы боюнча өлкөнүн эң башкы суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,3 млрд. куб метрди түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,6% аз. Өткөн жылы ушул күнү суу сактагычта 10 миллиарддан ашуун куб метр суу бар болчу.

Бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү секундасына 834 куб метрди, андан агып чыккан суунун көлөмү 222 куб метрди түздү.

Быйыл кышында суу сактагычтагы суунун көлөмү дээрлик акыркы чекке жетип, 6 млрд. куб метрден бир аз гана ашыгыраак калган болчу.

XS
SM
MD
LG