Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Британиядагы сириялык укук коргоочулардын айтымында, миналоо эки максатты көздөшү мүмкүн: согушкерлер көөнө эстеликтерди жардырып жок кылууну көздөйт же сириялык аскерлердин ага жакындоосуна каршы коюлган.

Укук коргоочулар Пальмиранын чет жакасына өкмөттүк күчтөр жеткирилип жатканын, бул шаарды кайтарып алуу аракетине даярдык болушу ыктымалдыгын айтышууда. Сириянын тарыхый эстеликтерди коргоо кызматынын башчысы Маамун Абдулкарим Пальмирага мина коюлганы тууралуу маалыматты жокко чыгарган жок.

"Ислам мамлекети" террорчул тобунун согушчандары байыркы Пальмира шаарын май айында басып алган. Аталган шаар байыркы Рим архитектурасынын эң мыкты үлгүлөрүнө ээ калаа катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG