Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Стратегиялык изилдөө институту шайлоо мониторингине камданууда


Кыргызстандын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институту шайлоолордун таза өтүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларына үйрөнүүдө. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты. Демократия жана шайлоо жараяндарын колдоо боюнча эл аралык институттун (IDEA) эксперттери кыргызстандык окумуштууларга атайын тренинг өткөрүштү. Жаңы ыкма Улуттук статистика комитетинин маалыматынын негизинде жер-жерлерде жүрүп жаткан социалдык процесстерди, алар боюнча бийликтин реакциясын анализдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

IDEA уюмунун атайын компьютердик программасы учурда дүйнөнүн 150 өлкөсүндө колдонулууда. Кыргызстандын ага кошулушуна БУУнун Өнүгүү программасы жана Швейцария өкмөтү жардам берди.

Кыргызстан быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өткөрөт. Ал эми 2017-жылы президенттик шайлоо өтүшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG