Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Токмокто жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды


Токмок шаарында кечээ Бишкек-Торугарт унаа жолунун 55-чакырымында “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү жеңил машиненин айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, суу тазалоочу курулмага түшүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза таап, 5 адам жараат алды.

Окуя болгон жерден ӨКМ куткаруучулары мерт кеткен адамдын сөөгүн суудан чыгарып беришкен. Жабыркагандар Чүй райондук ооруканасына жеткирилген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG