Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Бишкек прокуратурасы ЭлТР боюнча кылмыш иш козгоду


Бишкек шаардык прокуратурасы ЭлТР телеканалынын жетекчилигине кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык прокуратуранын коррупцияга каршы бөлүмүнүн башчысы Залкарбек Акназаров билдирди.

Көзөмөл органдын маалыматына караганда, телерадиокомпаниянын жетекчилиги санарип жабдуу сатып алуу боюнча тендер өткөргөн, анын жыйынтыгын чыгаруу мыйзам бузуу менен коштолгон. Тагыраак айтканда, "Овен" деген фирма жеңүүчү деп табылып, мамлекетке 2 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Буга байланыштуу "Азаттык" ЭлТРдин жетекчиси Максуда Айтиевага кайрылганда ал сатылып алынган техника ордунда экенин, иштеп жатканын жана кайсы мыйзам бузуу тууралуу кеп болуп жатканынан кабары жок экенин айтты.

Залкарбек Акназаровдун айтымында, кылмыш иш Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында чогулган материалдардын негизинде козголду. ИИМге ЭлТРдин мурдагы кызматкери Бейшенбек Бекешов арызданган.

Быйыл апрель айында ЭлТРде ички жаңжал чыгып, директордун орун басары болуп турган Бейшенбек Бекешов баштаган топ Максуда Айтиеванын иштен кетишин талап кылган. Айтиева мындай талап негизсиз экенин билдирген. Бир ай өтпөй Бекешов иштен кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG