Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

Бишкекте жаңы подстанциялар курулат


Бишкек шаарында орто чыңалуудагы жаңы электр подстанцияларын куруу пландалууда. Бул боюнча Кыргызстан менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуунун долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинде жактырылды. Мындан тышкары Чүй облусундагы ири керектөөчүлөрдүн электр энергиясын эсептөө жабдуулары алмаштырылып, башкаруунун жаңы системасы киргизилет.

Долбоордун жалпы баасы 25 миллион доллар. Бул каражатты 38 жылдык насыя түрүндө Эл аралык өнүгүү ассоциациясы бергени жатат.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин айтымында, долбоордун максаты - "Түндүкэлектр" ишканасынын ачыктыгын камсыз кылуу жана жоготууларды азайтуу, кирешенин уурдалышына бөгөт коюу.

"Түндүкэлектр" ишканасы аркылуу электр энергиясы Бишкек шаарына жана Чүй, Талас облустарына бөлүштүрүлөт. Андагы коррупциянын, уурдоонун деңгээли жогору экенин көз каранды эмес эксперттер айтып келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG