Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

Милициянын огунан каза тапкан жарандын жакындары бийликке кайрылды


Милициянын огунан каза тапкан Тилек Шабаевдин жакындары акыйкаттык издеп өлкө жетекчилигине кайрылды. Алар бүгүн Бишкекте пресс-конференция өткөрүп, адвокаты "окуя болгон күнү Тилек соо болчу" деп билдирди.

Милициянын айтымында, 12-июнга караган түнү Москва районунда жеңил унаада кетип бараткан жаштар тобу жол эрежесин бузганы үчүн токтотулган жана кокустук болуп, инспектордун огунан айдоочу Тилек Шабаев каза тапкан. Маркумдун жакындары соттук-медициналык экспертиза Тилек ал учурда мас экенин айтканы менен күбөлөр жана прокуратура бул маалыматты төгүндөп, "ал соо болчу, жол эрежеси бузулган эмес" деп жатышканын белгилөөдө.

Адвокат Зарина Рамазанованын айтымында, Чүй облустук Жол кайгуул кызматынын кылмышка шектүү инспектору учурда камакта. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG