Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Орусия менен аскердик-техникалык кызматташтык келишими талкууланууда


Кыргызстан менен Орусия аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жаңы келишим кабыл алганы жатат. Бүгүн анын долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинде талкууланды. Келишимдин максаттары тууралуу маалыматты коргоо министринин биринчи орун басары Замир Сүйөркулов берди.

Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, документ Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө аскердик продукция берүү, заманбап аскердик техника, система менен камсыз кылуу жана жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн техникасын жакшыртуу механизмдерин жөнгө салат. Ошондой эле эки өлкөнүн коргонуу-өнөр жай өндүрүшүнүн иш натыйжасы жогорулайт.

Буга чейин орус жана кыргыз өкмөттөрүнүн ортосунда аскердик-техникалык кызматташтык боюнча макулдашуу 1999-жылдын 25-августунда кабыл алынган.

2012-жылы Орусия кыргыз армиясына жалпы суммасы 1 миллиард долларлык курал-жарак жана аскердик техника берери кабарланган. Быйылкы жылдан тарта артиллериялык курал, бронемашина, курал-жарактардын запастык бөлүктөрү, полигондук жабдуулар сыяктуу аскерий техника келип жатканын "Азаттыкка" коргоо министри Абибилла Кудайбердиев билдирген болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG