Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Жалал-Абадда чөп аянттарында өрт кырсыгы көбөйдү


Жалал-Абадда жай мезгилинин башталышы менен чөп аянттарында өрт кырсыгы көбөйдү. Соңку үч аптада 28 өрт кырсыгы катталып, 160 гектар аянт күйүп кетти. Былтыр ушул мезгил аралыгында 20 кырсык катталган болчу.

Облустагы өрткө каршы кызмат башкармалыгынын бөлүм башчысы Чынарбек Шекеновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кечээ 21-июнь күнү Сузактын Барпы айылына караган чөп жайыттан өрт чыгып, 20 гектардан ашык жер жана 500 даана таңгак чөп күйүп кетти.

- Катталган кырсыктардын дээрлик баарына этиятсыздык себеп болгон, – дейт Шекенов.

Өрт кырсыктары көбүнчө Сузак жана Базар-Коргон райондорунун талааларында катталууда.

Бүгүн Жалал-Абад облусунда абанын температурасы 35 градуска чейин жогорулоодо. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG