Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Евробиримдик Орусияга карата санкцияларды узартты


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга карата экономикалык санкцияларды узартууну жактырып, аны 2016-жылдын биринчи айынын аягына чейин созду. Санкциялар алгач былтыр июлда Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алганына жооп катары бир жылга киргизилген. Быйыл мартта болсо ЕБ өкмөт башчылары санкциялар Орусия Украина аймагында ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишимин толук аткармайынча узара берерин чечишкен.

Евробиримдиктин маалымат катчысы твиттерге "санкциялар Орусия Минск келишимин толук аткаруусу үчүн 2016-жылдын 31-январына чейин узарганын" жазды. Мындай санкциялар орус экономикасынын энергетика, финансы жана аскердик өнөр жай тармактарына таасир этет.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия бул санкцияларды негизсиз деп эсептээрин 22-июнда журналисттерге билдирди. Москва да эми батыш өлкөлөрүнөн азык-түлүк киргизүүгө салынган тыюуну узартышы мүмкүндүгү айтылууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG