Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Лысенко: Акыркы суткада эки украин аскери окко учту


Украинанын аскерий өкүлү Андрей Лысенко акыркы 24 саатта өлкө чыгышындагы жикчилдердин чабуулунан эки аскер окко учуп, дагы үчөө жаракат алганын билдирди. "Донецктин тегерегинде, тактап айтканда аэропорттун жанында тынымсыз согуштук аракеттер болуп жатат. Душмандар Донецкте тыюу салынган танктар менен ири калибрдеги замбиректерди колдонууда", -деп айтты аскерий өкүл бүгүнкү маалымат жыйынында. Ал расмий өлкө түштүк-чыгышындагы Киевдин көзмөлүндө турган стратегиялык мааниси бар Мариупол порт шаарында да "кырдаал курч" экенин, 21-июнда жикчилдер өкмөттүк позицияларды көздөй артиллериялык чабуул жасаганын кошумчалады.


Ошол эле кезде жикчилер тарап дем алыш күндөрү эч кандай чабуул жасалбаганын билдирүүдө.

Украина чыгышында эки тарап тең ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишимин бузду деп бири-бирин айыптап келет.

XS
SM
MD
LG