Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Ошто облустук сот төрагасына каршы акция өттү


Ошто облустук сот төрагасына каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Оштогу "Кара-Суу" базарынын сатуучулары облустук соттун төрагасы Абдрасул Шамшиевди кызматтан алуу талабы менен 22-июнда митингге чыгышты. Алар соттун төрагасын кылмышкерлер менен кызматташат, пара алат деп айыпташууда. Ош облустук сотунун төрагасына каршы чыгууга кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Өмүрбек Эркинбаевдин үй камагына чыгып кетиши себеп болгон. Эркинбаев өз кезинде “Кара-Суу” базарындагы 147 контейнердин ээсин коркутуп, 700 доллардан 1,5 миң долларга чейин акчаларын алып, качып кеткен деп айыпталган. Шамшиев нааразы тараптын дооматтарына карата пикирин журналисттерге билдирүүдөн баш тартып, сот имаратына кулпу салдырып койду.

XS
SM
MD
LG