Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

БУУ Газа секторундагы былтыркы жаңжал тууралуу баяндама жарыялады


2014-жылдын июлунда Газа секторунда болгон жаңжал учурундагы кылмышты иликтеген БУУнун атайын комиссиясы "аскерий кылмыштарга" эки тараптын тең - израилдыктар менен палестиндердин да тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу "олуттуу маалымат" чогултулганын жарыялады. Иликтөөнүн тыянактарына таянуу менен жарыяланган баяндамада Израил тарапка соккуларды уруу максатын аныктоодогу критерийлер тууралуу маалыматтарды берүү чакырыгы камтылган. Тергөөчүлөр мындай маалымат Газа секторун аткылоого көз карандысыз баа берүү үчүн зарылдыгын белгилешкен. Баяндама "1462 жайкын тургун" Газа секторундагы жаңжалдын курмандыгы болуп, "миңдеген үйлөр кыйраганы" айтылат.

БУУнун көз карандысыз комиссиясы палестин тарапты "чыккынчылыкка шектелгендерди жазалаганын" айыптап, бул аракетти "аскерий кылмыш" деп атайт. Буга чейин эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун эксперттери да ХАМАС тобу Израил менен болгон былтыркы жаңжал учурунда Газа тилкесинде аскерий кылмышка барган деген тыянакка келген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул баяндаманы сынга алып, Израил жайкын тургундар арасында жоготуулар болбошу үчүн бар аракетин жасаганын айтат. ХАМАС уюму болсо баяндамада Израил "айыпталышын" кубаттады.

Газа секторунда былтыр жайда 50 күнчө созулган жаңжал жарашуу менен аяктаган. Баяндамада Палестин тараптан 2251 киши өлтүрүлсө, анын 1462си жайкын тургундар экени, Израил тараптан болсо 6 жөн жай адам менен кошо 67 аскер жок кылынганы айтылат.

XS
SM
MD
LG