Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Бишкектин айланасындагы айдоо жерлерди сатууга каршы акция болот


Иш-чара Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун алдында болот. Бул тууралуу “Жер - элге” коомунун төрагасы Салмоорбек Дыйканов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Кара-Жыгач айлынан 40 миң гектардан ашуун жер сатылып кеткенине байланыштуу иш Бишкектеги райондор аралык сотто бүгүн каралат. Акцияга Чүйдүн Сокулук, Аламүдүн жана башка райондорунун тургундары катышары күтүлүүдө.

Мурдараак Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп 14-майда кылмыш иши козголгон. Азыр ал үй камагында.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG