Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Норвегиялык кеме Жер ортолук деңизинен 600 мигрантты куткарды


Siem Pilot деп аталган норвегиялык кеме куткарып калган мигранттар Италиянын порт шаарына жеткирилерин Рейтер кабарлады.

Мурдараак БУУ согуштук чыр-чатактардан улам мекенин таштай качууга аргасыз болгондордун саны рекорддук чекке жеткенин билдирген. Уюмдун маалыматы боюнча, өткөн жылы эле 60 миллиондон ашуун качкындар катталган, алардын жарымынан көбү балдар.

Евробиримдик мигранттар менен качкындарды кабыл алууну чектөө маселесин көтөрүүдө. Мурдараак Жакынкы Чыгыштан качкан мигранттар көп келип жаткан Италия качкындарды биримдикке мүчө болгон 28 өлкөгө бирдей бөлүштүрүүнү талап кылып, эгер бул кабыл алынбаса, бир тараптуу чараларды көрөрүн билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы согуштук жаңжалдардан качкан мигранттар түшкөн кайыктар чөгүп кетип, өлүмгө дуушар болгон учурлар көп катталууда. Апрель айында бир эле кайыкта отурган 700 чамалуу киши чөгүп, дээрлик бардыгы набыт болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG