Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

Чоң-Алайда жер титиреди


23-июнда саат 3:40 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунда силкинүү катталды. Кыргызстандын сейсмология институтунан маалымдашкандай, жер титирөөнүн очогу Тажикстанда болуп, күчү 4 баллды түзгөн. Ал эми Кыргызстандын аймагында болсо Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3-4 балл, Шибээ айылында 3, ал эми Кушчу айылында 2,5 баллды түздү.

Алдын ала маалымдоолор боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жапа чекккендер жок.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG