Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Ала-Букада бүтүрүүчүлөр кечесине бараткан үч адам жолдо мерт кетти


22-июндун кечинде Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда мектептин бүтүрүүчүлөрү бараткан “Хонда Одиссей” унаасы жол кырсыгына кабылып, колледждин 18 жаштагы 2 студенти жана 19 жаштагы оператор каза тапты. Бул тууралуу райондук милициянын тергөөчүсү Азамат Калмуратов “Азаттыкка” билдирди. Унаада бараткандар райондогу №2 Турабаев атындагы мектептин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү болчу жана алар райондун борборуна келе жатышкан. Учурда жараат алган 5 өспүрүм менен айдоочу райондук ооруканада жатат.

Кырсыктан каза тапкандар:

1. Тилек Турсуналиев (1996-жылы туулган, оператор)

2. Медербек Абдиев (1997-жылы туулган, колледждин студенти)

3. Айзада Долонова (1997-жылы туулган, колледждин студенти)​. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG