Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Жерүй лицензиясынын 100 миллион доллары бюджетке түштү


Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун конкурстан утуп алган орусиялык "Востокгеолдобыча" Кыргызстандын бюджетине талап кылынган 100 миллион долларды толугу бойдон которуп берди. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Өткөн аптада парламентте сүйлөп жатып премьер-министр Темир Сариев бул акчанын негизги бөлүгү эскилиги жеткен мектеп, ооруканаларды оңдоп, жаңыларын салууга жумшаларын айткан болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG