Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

"Ата-Мекен" Кумтөр алтынын жер астынан казуу талабын улантат


"Ата-Мекен" партиясы Кумтөр кенин иштетип жаткан канадалык "Центерра" компаниясы алтынды жер астынан казып алуусу керек деген талабын коюп, бул үчүн күрөштү аягына чейин жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында партия лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын белгилешинче, азыркы өкмөттүн Кумтөр боюнча позициясы Темир Сариев өзү жетектеген 2012-жылдагы мамлекеттик комиссиянын корутундусуна каршы келүүдө.

Ошондой эле, партия лидеринин пикиринде, "Суу кодексине" өкмөт сунуштап жаткан мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берген өзгөрүү киргизилсе, Кыргызстан келечекте экологиялык катастрофага учурап, Давыдов мөңгүсүнөн башка мөңгүлөрдү да жылдырууга, "Центерранын" буга чейин келтирген экологиялык зыян үчүн жоопкерчиликтен кутулуп кетишине жол ачылат.

Учурда парламентте "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланууда. Аны өкмөт сунуштаган. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG