Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Мерт кеткен альпинисттер жолу мамлекеттик орган менен макулдашылган эмес


Чүйдө кырсыкка кабылган чет өлкөлүк альпинисттердин тоого чыгуу маршруту тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган эмес. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге маалымат берип жатып вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 21-июнда Чүйдүн Ала-Арча капчыгайында үч адамдан турган испаниялык жаштар курама тобу Ак-Тоо чокусуна чыгып баратканда аларды кар көчкү басып калган. Алар Кыргызстанга "Тян-Шан Тревел” фирмасы аркылуу келген.

Учурда Испаниянын Казакстандагы элчилиги менен бирге маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети көрүлүүдө. (RK)​

XS
SM
MD
LG