Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:31

Канжар Кадыралиевдин соту 13-июлга калды


Канжар Кадыралиев боюнча Бишкектин Октябрь райондук сотунда 22-июнга белгиленген отурум соттолуучунун келбегенине байланыштуу 13-июлга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" жабыркагандардын бири Мирлан Жолдошев билдирди.

Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Кадыралиев ишкерлерди опузалап, өзүмбилемдик кылды деген жүйө менен иш козгогон. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына отургузулушу керек болчу, бирок ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу камалган эмес. Кечээ күнкү сотко да ушул себептен улам келбегени айтылды.

Бирок Мирлан Жолдошев ал ооруканада жатат деген сөз калп экенин айтууда:

- 15 күн мурда мен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, Кадыралиев эмне себептен ушунчадан бери ооруканада жатат деп сурагам. Жооп жок. Ал эми бүгүн мага ишенимдүү адамдар ал Бишкекте бош эле жүргөнүн айтышты, - деди.

Соттолуучунун бир тууганы, Жогорку Кеңеш депутаты Ыргал Кадыралиева 11-июнда "Азаттыкка" маегинде:

- Ага жалган жалаа жаап жатышат, бул аракеттерди кимдир бирөө бизге каршы атайылап уюштурууда, тергөө жүрүшүндө Канжарга коюлуп жаткан айыптоолор боюнча бир да далил коюлган жок, - деген. (RK)

XS
SM
MD
LG