Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Нарында 15 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды


Нарында быйыл мектепти аяктап жаткан улан-кыздардын 15и артыкчылык аттестатын алды. Жалпысынан облус боюнча 113 талапкер катталып, алардын 15и мыкты экенин далилдеди.

Артыкчылык аттестат алган бүтүрүүчүлөр, мыйзамга ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдөгү упайына кошумча 20 упай ала алат.

Быйыл жалпы Кыргызстан боюнча артыкчылык аттестат алуу үчүн тесттен 140 бала ийгиликтүү өткөнүн Билим берүү жана илим министрлиги мурда кабарлаган болчу.

Кыргызстанда 2207 мектеп бар, аларда окуган балдардын саны 1 миллиондон ашат. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG