Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Жалал-Абадда 14 даана мыйзамсыз курал-жарак алынды


Облус аймагында милиция жүргүзгөн “Арсенал” операциясынын алкагында бир жуманын ичинде 14 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара мыйзамсыз сакталып жана колдонулуп жүргөн курал-жаракты кайтарып алуу, каттоодогу куралдарды текшерүү жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Азыр алынган курал боюнча баллистикалык экспертиза жүрүүдө. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG