Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Таластык тургун милициянын кош зомбулугуна кабылганын айтууда


Автандил Тынышов

Автандил Тынышов

Милициянын кош зомбулугуна кабылганын айткан Таластын Жон-Арык айылынын тургуну Автандил Тынышов акыйкаттык орнобосо өз жанын кыярын айтууда. Ал бүгүн “Азаттыкка” окуясы тууралуу маалымат берип, былтыр мал уурулукка шектелип ички иштер кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылганын, бирок күнөөсү далилденбегендиктен акыйкат издөө аракетинен улам кайра зомбулукка туш болгонун айтты.

Автандил Тынышов азыр Бишкектеги 4-шаардык ооруканада жатат. Бир буту сынган, экинчи буту жана башка жерлери да көк ала. Мунун баарын Талас райондук милиция кызматкерлери кылганын айтууда.

Учурда окуяны “Кылым шамы” укук коргоо борбору да иликтеп жатат.

Бул боюнча Талас райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тагай Нусуповго кайрылганыбызда ал комментарий бере албасын билдирди. Ал эми Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя териштирилип жатканын, баары тергөөнүн жыйынтыгында аныкталарын айтуу менен чектелди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG