Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Майып балдардын ата-энесине тренинг өткөрүлөт


23-24-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунун Казарман айылында “Күндүзгү реабилитациялык борбор ачуу менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын адаптациясы жана реабилитациясы” долбоорунун алкагында “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фонду эки күндүк тренинг өткөрөт. Борбордун кызматкерлери, мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик катыша турган тренинг ата-энелерди билим берүүнүн системасына жана балдарды окутуу усулдарына даярдоо менен өзгөчө муктаждыгы бар балдарга өз убагында жардам жана колдоо көрсөтүүгө ар тараптан даяр кылат.

2015-жылдын июль айында Каргалык айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен “Ар бир балага үй-бүлө” коомдук фондунун кызматташтыгынын алкагында өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн Күндүзгү реабилитациялык борбордун ачылышы күтүлүүдө.

Борбор акыл-эсинин өнүгүүсүндө түрдүү мүчүлүштүктөрү бар 82 бала жана алардын ата-энелери менен иш алып барат. Күндүзгү реабилитациялык борбор адаптациялык, реабилитациялык жана кеп-кеңеш берчү кызматтарды көрсөтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG