Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Пентагон: ИМ лидери Иракта жок кылынды


АКШнын Ирактагы аскердик-аба күчтөрүнүн соккуларынан улам “Ислам мамлекети” радикал тобунун өкүлү, 2012-жылкы АКШнын Бенгазидеги дипломатиялык миссиясына кол салууга тиешеси бар деп шектелген жаран өлтүрүлгөнүн Пентагон билдирди. АКШнын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Стив Уоррен кабарлагандай, Али Ауни ал-Харзи Түштүк Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы «Ислам мамлекети» кыймылынын согушкерлери менен «тыгыз иштешкен».

- Харзинин өлүмү түштүкафрикалыктардын радикал топтордун Сириядагы жана Ирактагы согушка тартылуусун азайтат, - деди Уоррен.

Уоррендин айтымында, Харзи былтыртан бери «Ислам мамлекетинин» көзөмөлүндө турган Мосул шаарында жок кылынды.

2012-жылы 11-сентябрда АКШнын Бенгазидеги дипломатиялык миссиясына кол салуудан улам 4 адам каза тапкан, анын ичинде АКШнын Ливиядагы элчиси Крис Стивенс да бар болчу. Бул окуяга карата Вашингтондун реакциясы, ошол кездеги АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун аракеттерин Конгресстин комитети иликтенген. (ErN)

XS
SM
MD
LG