Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Чехия Рамзан Кадыровдун атканасынын кирешелерине чектөө киргизди


Украинанын бүтүндүгүнө шек келтирген жооптуу жарандарга карата европалык санкциялардын алкагында Чехиянын Каржы министрлиги Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун атканасынын кирешелерин иштетүүгө тыюу салды.

Мекеменин сайтында кабарлангандай, күлүк аттарды багуучу, Кадыровдун атында катталган аткана «Чех Республикасынын жокей клубунда» 2012-жылдан бери иштейт. Каржы министрлиги белгилегендей, «кирешени тоңдуруу» жаза катары эсептелбейт, ошол себептүү аткана ишин уланта берсе болот. Бирок санкция кайтарылып алынгыча, аткананын кирешелери, анын ичинде байгелери да эч жакка жумшалбашы керек.

«Чех Республикасынын жокей клубу» Прага шаарынын чет жакасында жайгашкан. Ушул жекшемби күнү өткөн 95-Чех Дерби – өлкөдөгү эң ири күлүктөр жарышында Кадыровго тиешелүү англиялык тулпар Альдар төртүнчү болуп келген.

Рамзан Кадыровдун аттары уткан байгелерге ушул сыяктуу эле санкциялар 2014-жылдын октябрында Германия бийликтери тарабынан киргизилген. Чехиялык Hospodarske Noviny гезити маалымдагандай, бул санкциялардан кийин Рамзан Кадыров Чехиядагы жана Германиядагы аттарын Жакынкы Чыгышка чыгарып кете баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG