Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Мушкер Урмат Рыскелдиев Лас-Вегаста кезектеги беттешин өткөрөт


Урмат Рыскелдиев
Урмат Рыскелдиев

Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев 27-июнда АКШнын Лас-Вегас шаарында профессионалдар арасында алтынчы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мушкердин менеджери Жаныш Осмон билдирди. Анын айтымында беттешти 2013-жылы негизделген ВКВ (Big Knockout Boxing) бокс уюму уюштурууда. ВКВ беттештери классикалык бокс таймаштарынан айырмаланып бир раунд 2 мүнөткө созулуп, мушкерлер 5 метр тегерек аянтта күч сынашат. Урматтын атаандашы карьерасында 14 жолу жеңишке жетип 4 жолу утулган афроамерикалык Маркус Вилус болот. 69 кг салмактагы боксчулардын таймашы Лас-Вегастагы “Мандалэй Бей” сайран борборунда кечки саат алтыда башталат.

- Акыркы беттеши 8 ай мурда болгонуна карабастан учурда Урмат мыкты калыбында. Эгер бул таймашта атаандашын утса ВКВ уюму менен узак мөөнөттө кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, - дейт Жаныш Осмон.

Кыргызстандык Урмат Рыскелдиев 2010-жылдан баштап Түштүк Корея өлкөсүндө профессионалдар арасында беттештерге чыга баштаган. 2013-жылдан тартып АКШда 5 беттешке чыгып, төртөөнү жеңип, бир жолу атаандашы менен тең чыккан. (ECh)

XS
SM
MD
LG