Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Өкмөт Суу кодекси боюнча мыйзам долбоорун өкмөт чакыртып алды деген маалыматты төгүндөдү


Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинде суу кодексине байланыштуу мыйзам долбоору каралган эмес. Тескерисинче аталган комитетте Кумтөр боюнча Жогорку Кеңештин тапшырмасын артка жылдыруу чечими кабыл алынган.

Мурдараак аталган комитеттин мүчөсү, депутат Азамат Арапбаев өкмөт “Суу кодекси” тууралуу мыйзам долбоорун кайра чакыртып алганын “Азаттыкка” айткан эле.

Бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиясы "Центерра" алтынды жер астынан казып алуусу керек деген талабын коюп, бул үчүн күрөштү аягына чейин жүргүзөрүн айткан болчу. Текебаев "Суу кодексине" өкмөт сунуштап жаткан мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берген өзгөрүү киргизилсе, Кыргызстан келечекте экологиялык катастрофага учурап, Давыдов мөңгүсүнөн башка мөңгүлөрдү да жылдырууга, "Центерранын" буга чейин келтирген экологиялык зыяны үчүн жоопкерчиликтен кутулуп кетишине жол ачыларын да белгилеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG