Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Алексей Навальныйга Орусиядан чыгууга тыюу салынды


Орусиянын Федералдык миграция кызматы кабыл алган бул чечим тууралуу Алексей Навальный өзүнүн блогуна жарыялады. Саясатчы кабарлагандай, ал чет элдик паспорт алуу үчүн атайын органдарга кайрылганда, «жасаган кылмыштар үчүн» деген шылтоо менен ага чет элдик паспорт бербей коюшкан.

Оппозиционер Навальный белгилегендей, мындай эреже Орусиянын мыйзамдарында жок. Ошондуктан ал Федералдык миграция кызматын сотко берээрин билдирди. Анда Навальный миграция мекемесинен кайсы себептер менен ага чет жакка чыгууга тыюу салынган түшүндүрүп берүүнү талап кылмакчы.

«Ив Роше» компаниясынын акчасын уурдап алган деген айып менен сот Навальныйды өткөн жылдын 30-декабрында үч жылга шарттуу кескен. Ушул эле иш боюнча саясатчынын бир тууганы Олег үч жарым жылга абакка соттолгон.

Мындан сырткары Алексей Навальный «Кировлес» иши боюнча беш жылга шарттуу кесилген.

XS
SM
MD
LG