Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Тоң районунда аким шайланды


23-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акимин шайлоо өттү. Ага райондук кеңештеги 129 депутаттын 123ү катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында талапкерлер: Тимур Алымбеков - 63, Туратбек Түмөнбаев - 60 добуш алды. Аягында эсеп комиссиясы шайлоодо Тимур Алымбеков утту деген чечимди протокол менен бекиткенин комиссиянын мүчөсү Азат Рыспаев “Азаттыкка” билдирди.

Акимди шайлоого облустагы өкмөт өкүлүнүн орун басары, облустун аппарат башчысы катышкан. Эсеп комиссиясы шайлоонун жүрүшүнө да, комиссиянын ишине да эч кандай басым-кысым болбогонун билдирет. Премьер-министр Сариев Тоң районунун администрация башчысына үч талапкер көрсөткөн. Үчүнчү талапкер Улан Турганбаев добуш берүүнүн алдында талапкерлигин алып койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG