Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Астанада батир курулушуна акча салгандар митингге чыгышты


«Азбука жилья» курулуш компаниясынын үйлөрүнө акча салган жүздөн ашык жаран ишкананын кеңсесинин алдына наарызылык акциясына чыгышты. Алар өздөрү акча төлөгөн үйлөр эмнеге курулбай жатканын түшүндүрүп берүүнү компаниядан талап кылышты.

Ишкана жетекчилери болсо нааразылыкка чыккандар менен чыгып жолугушкан жок. «Азбука жилья» компаниясынын өкүлүмүн деген Мухамедияр Омаров журналисттердин суроолоруна жооп бере албастыгын айтып, ишкананын директору каякта экенин билбей турганын билдирди.

Астана шаарынын архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурат Доланбеков «Азаттыкка» кабарлагандай, бийликтер «Азбука жилья» компаниясы менен үлүшкерлердин ортосундагы маселе боюнча тааныш жана көйгөйдү чечүү жолдорун карап жатышат.

Үйлөргө акча салган кишилердин айтымында, «Азбука жилья» компаниясы куруп жаткан сегиз көп кабаттуу турак жайдын курулушу жазда токтоп калган. Ишкананын курулушуна жалпы 4080 адам үлүш салган. (ErN)

XS
SM
MD
LG