Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:06

Судья Сооронкулованы колдогон акция болот


Бүгүн жарандык коомдун мүчөлөрү Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы коргоп, Ак үйдүн алдына акцияга чыгышат. Клара Сооронкулова жарандардан биометрикалык маалыматтарды күчтөп топтоо Баш мыйзамга каршы келерин айтканы үчүн куугунтукка учурап жатат дешет активисттер.

Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова 28-майда бейөкмөт уюмдардын “бийлик тарабынан жарандарды күчтөп биометрикалык маалымат топтоо аракетине” мыйзамдуу баа берүүсүн өтүнгөн доо арызын карап, бул жарандардын Конституциялык укугун бузат деп билдирген. Көп өтпөй, Соттор кеңеши Сооронкулованы Конституциялык палатанын судьялыгынан алууну сунуштаган. Конституциялык палата өз отурумунда бул маселени карап, бирок Сооронкулованы кызматтан алуу боюнча добуш берүүдө добуштар тең чыгып калган болчу.

Интернеттеги социалдык тармактарда судья Сооронкулованы колдогон кол топтоо акциясы да жүрүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG