Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:52

Рамзан Кадыров Батышта "жылкыларынын укугу бузулуп" жатканына нааразы


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Германия жана Чехия өкмөтүнүн анын аргымактарынан түшкөн пайданын эсебин жабуу чечимин “жылкылардын укугун бузуу” деп атады. Ал 23-июнда Инстаграмдагы баракчасына “Батышта минтип аргымактардын укугу бузулуп жатса, кайдагы адам укугу тууралуу сөз болсун?” деп жазды.

23-июнда Чехиянын каржы министрлиги чечен президенти Рамзан Кадыровдун атканасынын кирешелерин иштетүүгө тыюу салды. Бул Украинанын бүтүндүгүнө шек келтирген жооптуу жарандарга карата европалык санкциялардын алкагында ишке ашууда.

Мекеменин сайтында кабарлангандай, күлүк аттарды багуучу, Кадыровдун атында катталган аткана «Чех Республикасынын жокей клубунда» 2012-жылдан бери иштейт. Каржы министрлиги белгилегендей, «киреше булагын токтотуу» жаза катары эсептелбейт, аткана ишин уланта берсе болот. Бирок санкция кайтарылып алынгыча, аткананын кирешелери, анын ичинде байгелери да эч жакка жумшалбашы керек.

Рамзан Кадыровдун аттары уткан байгелерге ушул сыяктуу эле санкциялар 2014-жылдын октябрында Германия бийликтери тарабынан киргизилген.

XS
SM
MD
LG