Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

АКШнын куралдуу күчтөрү Аляскада ири аскерий машыгуу өткөрүүдө


Анда АКШнын аскер-аба жана аскер-деңиз күчтөрү биргелешип аракеттенүүгө машыгууда. 200гө чамалуу учак, 6 миңден ашуун аскерлер жана бир нече аскердик кеме катышып жаткан бул машыгуу АКШдагы бирден бир ири аскерий иш-чара.

Nothern Edge деп аталган бул машыгуу 26-июнга чейин болот, анда Азия-Тынч океан аймагындагы АКШнын аскердик аба жана деңиз күчтөрү машыгууда. Пентагондун өкүлү маалымдагандай, Аляскадагы бул машыгуу америкалык учкучтар менен моряктарга адистик тажрыйбаларын күчтөндүрүүгө толук мүмкүнчүлүк берет. АКШ командачылыгынын подполковниги Тим Бобинскийдин билдирүүсүндө, бул машыгуулар Американын башка мамлекеттер менен чыңалган мамилесине жооп болуп саналбайт.

Nothern Edge аскерий машыгуусу эки жылда бир өткөрүлүп туруучу аскерий иш-чара. Бирок мындан эки жыл мурун Пентагон каржы үнөмдөө максатында машыгуу өткөргөн эмес.

XS
SM
MD
LG