Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Нөшөр жаандын кесепети жоюлууда


Баткен жана Талас облустарында кечээ кечинде нөшөр жаандын айынан турак үйлөргө жана ички жолдорго, эгин талааларына залака тийди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлаганына караганда, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыштут, Кара-Булак айылдарында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, айрым унаа жолдор бузулду. Кадамжай районундагы Бирлик, Чечме айылдарында да сел жүрдү.

Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айыл аймагында нөшөр жаандын кесепетинен сел тосуучу “Жорго” каналынан ашкан суу мектептин, мечиттин короосун жана 27 турак үйдүн короо-сарайларын, 1 гектар беде себилген үлүш жерди каптады. Кара-Арча айылында да сел жүрдү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG