Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Ушу тапта Бишкекте Ак үй алдында 30дай коомдук активист чогулуп, Конституцияны өзгөртүүгө каршылыгын билдирүүдө. Арасында белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакупова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков жана башкалар бар. Аларга Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Абдырахманов менен Равшан Жээнбеков чыгып тилектештигин билдирди.

Пикетчилер парламенттеги фракция лидерлери Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбековдун жана президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин бети чийилген сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.

Нааразылык акциясынын уюштуруучулары азыркы өлкө жетекчилиги Конституцияны өзгөртүү аркылуу бийликти узурпация кылууга аракет жасап жатат, мындан мамлекетке, коомго эч кандай пайда болбойт деген пикирин айтууда.

Парламенттеги башкаруучу коалиция менен президенттик аппарат быйыл күзүндө парламенттик шайлоо менен катар Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү демилгелеп жатат. (KJ/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG