Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Жогорку Сот: "Бир дүйнө-Кыргызстанды" тинтүү мыйзамсыз болгон


"Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо уюмунун Ош шаарындагы кеңсесинде жана эки адвокатынын үйүндө тинтүү жүргүзгөн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин иш-аракети мыйзамсыз болгон. Мындай чечимди бүгүн Жогорку Сот чыгарды.

Быйыл 27-мартта уюмдун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, ноутбук, флеш-карта, диктофон, дисктерди алып кеткен. Муну атайын кызмат шек жаратып, бирок күнөөсү жок болгондуктан бошотулган америкалык журналист Умар Фаруктан аталган уюмдун кызматкерлеринин визиттик карталары табылганы менен байланыштырган. (RK)

XS
SM
MD
LG