Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жайлоодогу бала бакчалар эми Өнүгүү борбору деп аталат


Жайдын келиши менен Кыргызстандын тоолуу аймактарында ачылып жаткан жайлоо бала бакчалары мындан ары Өнүгүү борборлору деп аталмай болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун долбоор координатору Асылбек Жооданбекв билдирди:

- Быйыл Өнүгүү борбору деп атап жатканыбыздын себеби, тарбиячы менен балдарды жалгыз таштап койбостон чыгармачыл мекемелерди тартып жатабыз. 40тан ашуун мекеме-уюмдун өкүлдөрү мастер-класстарды өтмөй болууда.

Жооданбековдун белгилешинче, былтыр жайлоолордо 35 бала бакча ачылып, 800 бала камтылган. Быйыл 90го жакын бакчада 2000дей баланы тарбиялоо пландалууда.

Жайкысын жайлоого боз үй тигип, балдардын билим, тарбия алышына шарт түзүү идеясы экс-президент Роза Отунбаевага таандык. Соңку 3 жылдан бери бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып, учурда бардык облустарды камтууга жетишти. (RK)

XS
SM
MD
LG