Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

"Спайс" жайылтууга шектелген 50дөй жаран аныкталды


Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тараганга чейин "спайсты" кооптуу заттар тизмесине кошуп, аны колдонууга каршы мыйзамды кабыл алганы жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” долбоорду демилгелеген депутаттардын бири Нуркамил Мадалиев билдирди. "Спайс" боюнча мыйзам кабыл алуу сунушун жыл башында Ички иштер министрлиги киргизген.

Ал арада милиция бул затты жайылтууга шектелген 50дөн ашык кишини аныктап, сатуу менен алектенген жети кишини каттоого алганын, арасында казак жараны да бар экенин Ички иштер министрлигинин Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын башчысы Алымжан Козубаев билдирди. Мыйзам кабыл алынса аларга чара көрүү маселеси каралат.

Spice - бул психотроптук зат. Учурда дүйнө жүзүнө тарап жаткан "спайстын" курамын химиялык уу затка каныккан жыттуу чөп түзөт. Ал алгач ирет 2006-жылы Европада пайда болгон. Европанын бир нече өлкөлөрүндө жана Орусияда ага тыюу салынган. (SE)

XS
SM
MD
LG