Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Пакистанда ысыктан каза тапкандар 800гө жакындады


Пакистан -- Ысыктан сактанган бала. Карачи, 23-июнь, 2015.

Пакистан -- Ысыктан сактанган бала. Карачи, 23-июнь, 2015.

Өлкө түштүгүндөгү Карачи калаасында төрт күндөн берки катуу ысыктан каза тапкандар 780 кишиден ашты. Шаар бийлиги эл ысыкта эшикке чыкпашы үчүн эс алуу жарыялаган. Бул ысык шаарда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап жаткан учур менен Орозого туш келди. Орозо кармагандар таңдан кечке наар албоого жана суу ичпөөгө тийиш. Көпчүлүк адамдардын, анын ичинде улгайган адамдардын өлүмүнө чаңкоо себеп болгону айтылууда.

Соңку төрт күндө 800гө жакын адам кайтыш болгонун Рейтер агенттигине Edhi Foundation жеке кайрымдуулук фондунун өкүлү Анвар Казми айткан. Бирок Пакистандын саламаттыкты сактоо министрлиги соңку кырдаал боюнча маалымат бере элек. Аталган кайрымдуулук фонд 20 миллион калкы бар Карачиде тез жардам жана башка медициналык кызматтарды көрсөтөт.

Пакистандагы ири порт шаар - Карачидеги байгер тургундар 44 градустан ашчу ысыктан сактануу үчүн негизинен аба муздаткыч - кондиционерлерди колдонот.

Пакистан бийликтери кечээ өлкө түштүгүндө ысыктан өлгөндөрдүн саны 450дөн ашканын тастыктаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG