Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

Хаманеи Тегеран үчүн "кызыл сызыкты" аныктады


Ирандын руханий лидери аятолла Хаменеи Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн алты бакубат өлкөсү менен сүйлөшүүлөрдө Тегеран үчүн "кызыл сызыкты" аныктады. «Сөз ядролук изилдөөлөрдү жана өнүктүрүүнү он жылдан ашык мөөнөткө токтотуу тууралуу болуп жатат, бул туура эмес" - деди Хаманей кечээ телевидениедеги түз эфирде сүйлөп жатып. Ал ошондой эле Ирандын өзөктүк программасын чектөө боюнча келишимге кол коюлуп калса бардык экономикалык жана финансылык санкциялар "токтоосуз алынышы керектигин" кошумчалады.

Улуу Британия, Франция Кытай, Германия, Орусия жана АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Тараптар быйыл 2-апрелде макулдашылган келишимдин негизине ылайык, Ирандын уранды байытуусу чектелет. Өз кезегинде БУУ, ЕБ жана АКШ Тегеранга каршы сакцияларды токтотушат. Тараптар корутунду келишимге 30-июнда кол коюуну макулдашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG