Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Шиңжаңдагы чабуул кеминде 18 адамдын өмүрүн алды


АКШда жайгашкан "Эркин Азия" радиосу Кытайдын батышындагы Шиңжаң уйгур автоном облусунда бир канча этникалык уйгурдун полициянын өткөрмө бекетине чабуул жасашынан кеминде 18 адам каза тапканын бүгүн жарыялады. Чабуул эки күн мурда, 22-июнда Кытайда соңку жылдары азчылык эсептелген уйгурлар менен хан кытайларынын ортосундагы абал чиеленишип кеткен Кашкар калаасында болгон.

Жергиликтүү полициядагы булактын айтышынча, бычак жана жардыргыч заттар менен куралданган шектүү адамдар бир канча полиция кызматкерине кол салган. Мындан соң полиция "террорчу" деген шек менен 15 кишинин көзүн тазалаган. Маалыматта каза болгондордун саны 18ден 28ге чейин болушу мүмкүндүгү, арасында жолдон өтүп бараткан жайкын тургундар да болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Кан бул маалыматты азырынча тастыктай албашын айтты.

Кытайда 20 миллионго жакын мусулман бар, алардын бир бөлүгүн этникалык уйгурлар түзөт.

XS
SM
MD
LG