Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Мигрант келин күйөөсү эки жашар уулун сатып жибергенин айтууда


Орусияга иштегени кетип, уулун күйөөсүнө калтырган токтогулдук мигрант келин акыйкатчыдан жардам сурап кайрылды. Анын айтымында, күйөөсү эки жашар уулун бир аялга сатып жиберген. Баланы сатып алган аял ал үчүн көп акча төлөгөнүн, андыктан кайра кайтарып бербесин айтууда.

Жабыркаган келин Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясына кайрылганын, бирок дээрлик бир жылдан бери жооп ала албай жүргөнүн билдирген.

Ички иштер министрлигинен бүгүн "Азаттыкка" кабарлашкандай, соңку 5 айда бала сатуу боюнча 2 факт катталган. Бирок укук коргоочулардын айтымында, мындай көрүнүштөрдүн көбү көмүскөдө кала берүүдө. (RK/KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG