Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Столтенберг: НАТО Орусия менен жарыша куралданууга барбайт


НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг
НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг

НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг бул тууралуу бүгүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынын утурлай айтып, "бирок союздаштарыбыздын коопсуздугун камсыздоого тийишпиз" деди.

Столтенберг андан ары Орусия Украина чыгышындагы жикчилерди аскер, курал-жарак жана азык-түлүк жиберүү менен колдоону улантып жатканын кошумчалады. "Орусия Европадагы агрессивдүү аракети үчүн жоопкерчиликти тартарына күмөн жок. Орусиянын Украинадагы аракеттерин коргонуу максатында деп айтууга болбойт. Башка өлкөнүн бир бөлүгүн аннексиялап алуу коргонууга жатпайт. Бул агрессия актысы. Кансыз согуш бүткөндөн бери Европада бир өлкө башка өлкөнүн аймагын басып алып жатат. Бул коргонуу эмес", - деди ал.

Баш катчы ошондой эле Түндүк атлантикалык союздун аракети коргонуучу мүнөздө жана пропорционалдуу экенин, эл аралык милдеттемелерге ылайык келерин белгиледи.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери бүгүн тез аракеттенүүчү күчтөрүн эки эсеге көбөйтүү чечимин жактырышы күтүлүүдө.

Кечээ болсо АКШ Чыгыш Европада оор куралдарын, анын ичинде танктарды, брондуу унааларды жана артиллериясын жайгаштыра турганы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG