Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Армения баш калаасында электр энергиясы кымбатташына каршылардын акциясы уланууда. Миңдеген демонстранттар борбордук Баграмян проспектинде каршылык билдирип отурушат. Аларды полиция көзөмөлдөөдө.

Нааразылык акциялары өлкөнүн Гюмри, Чаренцаван, Абовян, Аштарак шаарларында да өтүүдө.

"Тоноого жол жок" деген аталыштагы каршылык акция Ереванда Армениянын коомдук тейлөөнү тескөө боюнча комиссиясы электр энергиясына тарифти көтөргөн соң, 19-июнда башталган.

Кечээ эртең менен полиция акцияда отургандарды күчтөп таратуу учурунда 230 адам кармалып, 25 адам жабыркаган. Арасында полиция кызматкерлери, журналисттер да бар. Прокуратура "Ээн баштык жана коомдук тартипти бузду" деген берене боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бул күнү кечке жуук демонстранттар Багряман проспектисиндеги акцияны жандантууну чечип, он миңдей адам социалдык тармактар аркылуу ага катышууга даярдыгын билдирген. Кагылышуулардын алдын алуу үчүн өткөн түнү мурдагы жана азыркы депутаттар, интеллигенция өкүлдөрү менен маданий ишмерлер полиция менен демонстранттардын ортосун тосууга чыкты.

Армения акыркы жылдарда мындай массалык нааразылык акцияларын баштан кечире элек болчу. Ага 1-августтан тарта электр энергиясынын баасы дагы 16 пайызга жогорулай турганы жарыяланышы себеп болду.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG